Кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш, мамлекеттик мыйзамдар жана парламенттин регламенти боюнча комитети Өткүрбек Жамшитовду КРнын Башкы прокурорлук кызматына жактырды.
Буга чейин Жалал-Абад областынын прокурору болуп иште келген Ө.Жамшитовдун талапкерлигин Башкы прокурордукка президент сунуштаган. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ө.Жамшитов кыска эле, “мыйзамды сактап так иштейм, саясий көз карашка жол бербейм”,- деп убада берди.
Өткүрбек Жамшитов 42 жашта. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын кулуну. 1996-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин “укук таануу” факультетин окуп бүткөн.
1997-жылы эмгек жолун Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматынан баштаган. Андан бери Талас облустук, Бакай-Ата, Алай, Кадамжай, Лейлек райондук прокуратурасында иштеген.
2015-жылдан бери Жалал-Абад облусунун прокурору, II класстагы юстициянын кеңешчиси чини бар.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.