Кудай салбасын, азыр баягы дымып калган депутаттар ойгонуп, эки жолу ишенбөөчүлүк кылып таштадык. Көрсө бизден өткөн күч жок турбайбы деп дардаңдап эле калышты. Силердин артыңарда калдайган кыргыз эли турганын унутуп калдыңар окшойт? Ишенбөөчүлүк кылдыңар, бирок элге дааналап тушүндүргөн жоксуңар. Мисалы, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишиндеги жетишкендик, кемчиликтерин дааналап элге түшүндүрүп, ушулар үчүн ишенбедик десеңер, эл дагы туура кылышыптыр деп калышат эле. Ошондой эле 7 ай өкмөт башчы болгон Сапар Исаковду дагы ишенбейбиз деп сыртка чыгардыңар. Эми ал жигит 7 ай оромпой тээп эле жүргөндөй болуп калды. Бул ипггерди жасады, буларды ит кылды деп элге биринчи билдирсеңер болмок. Азыр жалпы эл ичи эмнеге алып ташташты деп бири-биринен сурап жүргөн чак. Ушундай иштерди жасап жаткандан кийин өзүңөр таза, үлгү болбойсуңарбы?! Жанагы Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевди эле сүйлөп калды. Алмамбет балам, Текебаевди унут, ал жигит түрмөгө кесилген мөөнөтүн толук өтөп чыксын. Сен аны кайра-кайра козгоп элдин кыжырына тийип жатасың. Элдин баары билет, сенин көчүгүң кыпылдап, калбырьщ калдырап жатканын. Депутаттар, эмне үчүн араңарда отурган депутат Аскарбек Шадиевге ишенбөөчүлүк кылбайсыңар? Аныңарды Чыңгыз Айтматов сыйлыгына тийиштүү 30 миң долларды жегени үчүн эле Текебаевдин жанына шерик кылыш керек, кеч боло электе. Эми мынча болду жолдош депутаттар, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаровдор качан миллиондоп жегендерин казынага төгүп, Текебаевдин айылына кетишет? Туура, баарыбызда кемчилик бар Ленин, Сталин, Усубалиев, Масалиевдерден да кемчилик кеткен. Силер сүйлөсөңөр эле «бизди эл шайлаган, бизди эл карап турат, бизди эл күтүп жатат» деп какшайсыңар. Эл силердин көпчүлүгүңөрдү шайлап алып өкүнүп отурат. Силерди эл карабай эле, көбүңөрдү эл каргап жатат. Туура, эл силерди күтүп жатат, эртерээк тарап кетишсе экен деп. Тезинен акылыңарга келбесеңер, оңолбосоңор, жалпы кыргыз эли силерге ишенбөөчүлүк кылса кетесиңер да шылкыйып, кепкаңарды баса кийип.

 

Акбай уулу Бердибек, Аламүдүн району

Булак: “Фабула”