Жогорку Кеңештин СДПК фракциясында Атамбаевди сатпаган үч эле депутат калды окшойт. Дастан Бекешев, Данияр Аттокуров, Мурадыл Мадеминов деген. Бул үчөөнүн башкасы кечээ премьер-министрди иштен алып жатканда толугу менен Исаковдун кетишин колдоп беришти. Сооронбай Жээнбековго бул нерсе сабак болуш керек. Эртең алар Сооронбай Жээнбековду да талаада калтырышы мүмкүн. Алмазбек Атамбаев, төрт журналист- Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова, Аида Касымалиева, Жанар Акаевди бир тыйын албай депутат кылганы чындык. Бирок, тилекке каршы бул төрт депутаттын бири да Алмаз Шаршеновичтин таламын талашып койгон жок. Атамбаев муну өзү да жөн териси менен сезип, бармагын тиштеп жаткан чыгаар.

Булак: Ачык Саясат