Акаевдин үй бүлөлүк, Бакиевдердин бир тууган-дык бийлигинен араң кутулган эл, учурда дал ошондой бийликке дуушар болгону турат. Сооронбай Жээнбековго жол көрсөтүп жаткан бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков экени айтпаса да белгилүү болуп турат. Бул өтө өкүнүчтүү жана кейиштүү. Асылбек Жээнбеков парламентти кармаш үчүн мандатынан баш тартпай жатканы аилам бетер өкүнүчтүү. Шору арылбаган кыргыздын күйүтү даты бир топко созулат окшобойбу. Сооронбай Шарипович, “Асылбекти ишиме аралаштырбайм” дегени менен, коомчулукта башка кептер айтылууда. Асылбек Жээнбеков эмне себептен мандатынан баш тартпай жатат? Ал агасына мандатсыз деле бир топ иш жасап бермек. Анын максаты эмне? Бул суроо келечекте өлкөнүн чоң маселесине айланбаса эле болду. Сооронбай Шарипович, Асылбектин мандатын тапшыртса, элдин ишеними ого бетер артмак.

Булак: Ачык Саясат