Акыркы учурда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун дарегине ачуу сындар арбын айтылып жатат. Күзүндө салынган жолдордун жазында кар менен кошо эрип кетиши боюнча, Ош базарындагы өрт, эми болсо 500 сом турган бир көчөттү 1090 сомдон алышы тууралуу нааразчылыктар күчөдү. Ырасында, 600 долларлык аттиштен кийин, 10 миң сомдук көчөт жетекчи кызматтагы үлкөндөр жегенден такыр тартынбай калышканын айгинеледи. Албек мырзанын шаарды жашылдандырам деген шылтоо менен 500 сомдук бир көчөттү 10 миң сомдон алганы кантип акылга сыйсын. Арыдан бери болуш керек го. Анан уялбастан, «Элдер тааныбасын деп эски кийим кийип алып, иштер кандай аткарылып жаткандыгын карайм» – деп коет. Кооз сүйлөсөм эле эл ишене берет дейт го оюнда. Айтмакчы, жакынкы күндөрү бул мэрди дагы кызматган шыпырышат экен… Ал гана эмес ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүрөөрү айтылууда.

Булак: “Фабула”