Парламенттин аз сандагы депутаттарын эске албаганда, дээрлик бардык депутаттарынын колдоосу менен өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөтү менен чогуу кызматынан кетти. Сапар Исаковдун өкмөтү кетти деп айтылууда. Бирок, иш жүзүндө андай эместиги президенттик аппарат тараткан жаңы өкмөттүн курамынын долбоорунан билинди.
Долбоорду карап көрсөк, жаңы деген аталышы болгону менен кеткен өкмөттүн дээрлик 90%ы кыймылдабаптыр. Баары ошол бойдон ээлеген орундарында калышат. Бул деген өкмөт эмес, өкмөт башчы гана өзгөрдү дегенди билдирет да. Анда жаңы өкмөт келет деп жар салбай эле, жаңы өкмөт башчы дайындалат деп гана койбойлубу.
Сооронбай Жээнбековго ишинен жыйынтык чыгара албаган жетекчилерди өз кесибинин адистерине, эң негизгиси эли-жерине чын дилинен күйүп иштеп берчү патриот инсандарга алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок, мамлекет башчы андан пайдаланбады. Балким, пайдалангысы деле келбей, Кыргызстандын мурдагы президенти сымал “өгүзүм өлбөсө, арабам сынбаса болду” принцибинде кылдырап көч уланта берүүнү каалайт. Жетекчи болчу адамдын билим-тажрыйба – жөндөмүнө эмес, дагы башка кыргызчылыктагы артыкчылыктарына басым жасап, Кыргызстанды өнүктүрүүнү эмес, өз бийлигин тынч кылууну самап жаткандыр.
Соронбай Жээнбековго шайлоо учурунда бир топ адамдардын жардамы тийген. Алардын кимдиги коомчулукка жакшы маалым. Шайлоодон бери көп убакыт өттү. Бирок, ушундай колдоо көрсөткөн саясатчылардын мамлекетке дайындалганын көргөн жокпуз. Албетте, ал саясатчылар өздөрү деле кызмат үчүн эмес, мамлекеттин келечеги үчүн, стабилдүүлүк үчүн Жээнбековдун талапкерлигин колдошконун жар салышкан. Ошондуктан, алар кызматка кызыгышпайт. Бирок, алар кызыгышпаган учурда да тажрыйбасы мол, мекени үчүн жанын садага чабууга даяр саясатчылардын билимин, акылын мамлекеттин пайдасына иштетүү президенттин кызыкчылыгындагы нерсе болушу керек эле да. Ошондо, бул саясатчылардын кызматка тартылбаганы - президенттин, орусча айтканда керек кезде пайдаланып, кереги жокто жүз бурган "кидальщикке" айланганын каңкуулап турбайбы.
Долбоор боюнча өкмөт курамы түзүлсө, патриот саясатчылар бийлик бутактарындагы жетекчилердин алешем ишине кайдыгер карап тура албашы анык. Алар кайрадан оппозиция болушат. Биригишсе, абдан чоң күчкө айланышат. Бул президентке оңой маселени жаратпайт.