Көпчүлүк депутаттар бүгүн Исаковго ишенбейбиз дешип, президентке аны кызматтан алуу сунушу менен кайрылышты.
Эми өкмөттү отставкага кетирүүнү президент чечет. Ал арада Жогорку Кеңеште жаңы премьер боло тургандардын аты атала баштады.
Өкмөттү башкарам дегендердин катарын: Иса Өмүркулов, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Акылбек Жапаровдор.
Белгилей кетсек, интернет булактарында буга чейин премьер-министрлик кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев келээри мүмкүн экендиги айтылган болчу.