Парламент бүгүн Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Чечимге байланыштуу кабыл алынган токтомду 105 депутат колдоого алса, төрт эл өкүлү каршы добуш берди.
Эми мыйзам боюнча парламенттин токтому президентке жөнөтүлөт.
Эске салсак, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселени күн тартибине киргизүү “Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тарабынан сунушталган.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да бул жаатта бардык процедуралар аткарылганын белгилеген.