2018-жылдын 1-июлунан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөгө жөлөкпул дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо пенсиянын бардык түрү эсепке алынбайт. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» жаңы Мыйзамына ылайык 16 жашка чейинки балдарга «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун үй-бүлөнүн муктаждыгын эске алуу менен, киши башына кирешеси кепилденген минималдуу киреше өлчөмүнөн төмөн болгон үй-бүлөлөргө дайындалат. Учурда кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 900 сомду түзөт.

 

Министрлик маалымдагандай, бүгүнкү күндө аталган жөлөкпулдар 264 410 балага республикалык бюджеттен төлөнүп берилет, ал эми жөлөкпулдун орточо өлчөмү 875 сомду түзөт.

 

Мындан тышкары, Мыйзамга ылайык «балага сүйүнчү» - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 2018-жылдын 1-январынан тартып жаңы төрөлгөн балдардын баарына, алардын төрөлгөн жерине карабастан бирдей өлчөмдө – 4000 сомдон төлөп берүү каралган. Жыл башынан тартып бир жолку берилүүчү акчалай төлөмдү 7605 үй-бүлө алган.

 

Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө киргендигин Министрлик эскертет.