Өрттөн жабыркагандарга жеңилдетилген насыялар каралып жатканын парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Санжар Муканбетов билдирди.

 

Анын айтымында өрттөн жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча токтом кабыл алынып, мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Учурда  жабыр тарткан жарандардын саны такталып жатат.

 

Ошондой эле, айрым депутаттар жабыркаган ишкерлерге 1 миллион сомдон жардам көрсөтүүнү сунуш кылышты.