"Ош базарында" чыккан өрт боюнча бүгүн депутаттар бир катар маселелерди көтөрүштү. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков тилсиз жоодон бир дагы кызматкер жоопко тартылбаганын айтты.

 

Депутат Кырсыктын алдын ала турган өкмөт бар. Силер өкмөт өрт чыкканга чейин мактанасыңар, өрт чыккандан кийин актанасыңар. Алдын алганга эмес, артын алганга өнөкөт таап алгансыңар деди.