Республиканын аймагындагы эки базардан чыккан тилсиз жоодон 359 ишкер 630 миллион сом зыян тарткан.

 

Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов  билдирди.

 

Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарындагы базарда болгон өрттөн улам алдын ала жыйынтык боюнча, 359 ишкер зыянга учураган. Келтирилген зыяндын көлөмү 630 миллион сомдон ашык. "Ош базары" боюнча 600 миллион сом, Жалал-Абад шаарынын борбордук базары боюнча 30 миллион сомдон ашык.