Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Эсенгул Момункуловду иштен алуу керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров көтөрдү. Ал Момункуловдун аткарып жаткан иш аракеттеринде көзгө толоорлук жьшыш болбой жатканын билдирип: «Биз кайсы инвестицияны айтабыз? Ош базарында өрттөө болду. Тогуз-Тородо жаңжал чыкты. Бул кызмат ички-тышкы инвестицияларды коргой албай жатат. Мен анын окмот башчысынын иш сапарларын коштоп жүргөндөн башка жумушун көргөн жокмун. Аны кызматтан алууну сунуш кылам», – деп Бюджет жана финансы комитети Өкмөттүн отчетун карап жатканда айтып чыкты. Албетте, маселени минтип кабыргасынан койгону жакшы. Бирок Жапаровдун сыны «жылан өзүнүн ийри экенин билбей, баканы майрык» дейт дегендей эле болду…

 

 

Булак: “Фабула”