Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөө тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 «Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кабыл алынган токтому аны дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу боюнча жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө Жобого айрым өзгөртүү жана толуктоолордун киргизилишин карайт.

 

Алсак, өзгөртүүлөр киргизилгенге дейре акчалай компенсация катталган жери боюнча дайындалган. Жыл сайын компенсация алуучулардан жашаган жеринен маалымдама талап кылынчу (алуучулардын көп бөлүгү кары-картаңдар), мүмкүнчүлүгү чектелген жактар майыптыгын тастыктаган, же кайра күбөлөндүрүүчү документтерди кагаз жүзүндө тапшырып турушкан.

 

Жаңы Жободо төмөнкүлөр:

- акчалай компенсацияны иш жүзүндө жашаган жери боюнча, арыз берүүчүнүн каттоосун талап кылбастан, дайындоо;

- арыз берүүчүдөн талап кылынган документтердин тизиминен жашаган жеринен маалымдаманы жоюу;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аймактык подразделениелеринин министрликтин ички электрондук маалыматтар базасы, б.а. корпоративдик социалдык маалыматтык көмөк тутуму аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген жактар тууралуу тастыктаган маалыматты өз алдынча уюштуруусу;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзүүсү каралган.