БШК комиссиясы “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулун мандатынан ажыратты. Буга анын Казакстандын жараны болгону себеп болду.

 

Мындай чечим БШКнын бүгүнкү  отурумунда кабыл алынды.

 

Ички иштер министрлигинин маалыматында, Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын Жамбыл облусунун тургуну экендигин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө жарыялады.

 

Мындан тышкары, депутаттын эки мамлекетке тийштүү, 2020-жылга чейин жарамдуу болгон паспорту болгону аныкталды.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган. Учурда ал аталган мамлекетте убактылуу кармоочу жайда кармалып турат.