Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Бул тууралуу  БШК маалдайт.

Такталган маалыматтарга ылайык, Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар экени тастыкталган.
 

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топту кармаган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты бар экени аныкталган.  Буга ылайык БШК бүгүн, депутатты мандаттан ажыратышы мүмкүн.