Өкмөт башчы отчет берүүгө келбегендиктен парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүнкү жыйынын токтотту. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына Сапар Исаковдун ордуна отчет берүүгө вице-премьер-министр Даир Кенекеев келген. Бирок, депутаттар аны кабыл албай, артына кайтарышты.
Фракциялар өкмөт башчы өзү келмейинче, анын отчетун угушпай турган болушту.