Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын маселеси бүгүн парламентте каралды. 

 

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков башпрокурорду кызматтан кетирүү сунушу менен парламенттик комитетке кайрылган. Комитет кечээ бул маселени карап, бүгүн жалпы парламенттин кароосуна алып чыккан. 

 

Депутаттардын добуш берүүсү менен башпрокурор кызматынан алынып, президенттин сунушу канааттандырылды. 

 

105 депутат башпрокурордун кызматтан кетүүсүн кааласа, 2 депутат каршы болгон.