Башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча президенттин сунушун Жогорку Кеңеш бир добуштан колдоду. 

 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков парламентке Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун 10-апрелде киргизген.

 

Жээнбековдун сунушун эл өкүлдөрүнө президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анда президент Башкы прокурор коррупция менен күрөштө, адам укуктарын коргоодо, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө жетишсиз иш алып барганын белгилеген.

 

Жыйынга башпрокурордун келбегени депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Белгилей кетсек, Индира Жолдубаева кызматтан алуу маселесин депутаттарга анын катышуусуз кароосуна уруксат берген.