Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 303

 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту.

 

Жолугушуунун расмий аземинде Жээнбековдун кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду.