Президент  Сооронбай  Жээнбеков Түркия Республикасындагы  расмий сапарынын алкагында Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы мавзолейге Даңк аллеясы менен барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерди.

Ошол эле жерден Сооронбай Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия  элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган каалоо тилегин жазды.