Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 598

 

 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 11-12-апрель күндөрү расмий сапары менен Брюсселге барат. Бул тууралуу  президенттик  аппараттан кабарлашты.

 

Иш сапар алкагында Европа биримдигинин жетекчилиги менен жеке кызматташууну жакшыртуу, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, “Таза коом” долбоорунун алкагында артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, эл аралык коопсуздук, аймактарды таза суу менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлөт.

 

Ошондой эле, Жээнбеков Евробиримдиктин Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер менен жолугат.

Мындан тышкары, Бельгиянын королу Филипп менен жолугушуусу да мүмкүн экендиги айтылды.

 

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-апрелде Кытайга бараарын айткан болчу.