Акыркы учурда Жогорку Кеңеште  көпчүлүк коалициянын таркашы боюнча айың кептер жүрүүдө.  Айрым эксперттердин баамында, парламенттеги мындай көрүнүш Сооронбай Жээнбеков менен экс- президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы достук мамиленин ыркы кете баштаганынан кабар берет.  Башкаруучу коалициянын таркашы өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз болот.  Белгилей кетсек, жаңы коалицияга «Республика-Ата-Журт» кирип, КСДПчылар оппозицияда калаары дагы айтылууда.

 

Анткен менен, башкаруучу коалициянын таркашы тууралуу маалыматты айрым депутаттар моюнга алышса, кээ бири тарабай турганын тастыкташууда.

 

Эске салсак, азыркы коалициялык көпчүлүккө «КСДП», «Кыргызстан» жана «Бир бол» фракциялары кирет. Ал эми оппозициялык блокто «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» бар.