Бейне
Эгемендүүлүк жылдарында эң көп алмашкан бийлик бутагы – өкмөт болбодубу. Анын биринчи башчысы Н.Исанов 1991-жылы он ай иштеп, 29-ноябрда автоунаа кырсыгынан каза тапты, ордуна келген Т.Чыңгышев өкмөттү эки жылга чукул башкарып, 1992-жылдын декабрында “алтын чуусунун” айынан кызматтан кетти. Өкмөттү көп мөөнөт (4 жыл 3 ай) жетектеген Апас Жумагулов болду. Ал мындай жогорку кызматты мурда, СССР убагында да 4 жарым жыл ээлеген эле. Эми жаштарды көтөрөлү дедиби, айтор, биринчи президент А.Акаев 1998-жылы мартта мени чакырып (анда мен жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болчумун, өкмөт башчысы Конституцияга ылайык ушул жыйын аркылуу макулдук алчу) бул орунга өзүнүн администрация жетекчиси Кубанычбек Жумалиевди сунуштай турганын билдирди.
Мен К. Жумалиевди жакшы билеримди, түпкүлүгүмдө колдой турганымды айтып, ошол эле мезгилде чын дилимден: “Эртелик кылбайлы, ал өндүрүштү жана аймактарды канчалык билет?”- дедим. А.Акаев өз оюнда калып, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары аны колдоду. Ошентип, ал 42 жашында өкмөт башчы болду.
Мен адегенде анын агасы Анашбек аке менен аспирантурада окуп жүргөн кезимде, 1980-жылы жайында таанышкан элем. Анда ал дагы аспирант, жетекчиси атактуу ойчул, психолог, адабият менен искусствону терең билген А.Салиев экен. Экөөбүз түнү бою искусство, музыка жөнүндө (ал музыка таануучу эле) сүйлөшүп чыкканыбыз эсимде. Тилекке каршы, ал о дүйнөгө эрте кетти. Кубанычбек менен кийинчерээк, өкмөттө 1992-жылы вице-премьер-министр болуп турганымда тааныштым. Ачык-айрым, кичипейил, жумшак, билимдүү жигит көрүндү. Аны А.Акаев (көрсө, илимий жетекчиси экен) илим жана технология боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына дайындады. Мен анын куратору болгондугумдан жаңыдан уюшулган комитеттин Жобосун, түзүмүн, жетекчи кызматкерлерин чогуу талдап, чогуу бекиттик. 1993-жылы Улуттук илимдер Академиябыздын түштүк бөлүмү уюшулганда да анын түзүмүн, жетекчилерин бирге аныктадык, Академияга анык мүчөлөрүкө (академиктикке) чогуу шайландык.
К.Жумалиев 1995-1998-жылдары Президенттин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары, андан кийин жетекчиси болуп иштеди. Өкмөт башчылыгына дайындалган соң кайрадан чогуу иштедик, жакын кызматташ болдук, анткени бул биздин конституциялык милдетибиз эле: аткаруу бийлиги эл өкүлдөр жыйынынын алдында жооптуу жана эсеп берчү орган болчу. Ошондо жакындан байкагандарым булар.
К.Жумалиев ишке абдан так, жоопкерчиликтүү, күнү-түнү дебей иштейт, жаңылыкка умтулат. Ал өкмөт башчы болуп турганда Орто Азияда биринчи болуп электрондук башкарууга өтүүнү колго алган (буга анын алгачкы кесиби – 1978-жылы Рязандагы радиотехника институтунун “физикалык электроника” адистигин бүтүшү, президент А.Акаевдин электроника жана информатика боюнча көрүнүктүү адис болушу түздөн түз түрткү болсо керек), электр энергиясын жана жалпы эле экономиканы алга жылдырууга аракет кылган, айрыкча аймактарды көтөрүүгө көңул буруп, ар бир область, райондун өнүгүш программаларын өкмөттө карап бекиткен, ушул максатта аймактарды өзү кыдырып чыккан. Буга мен өзүм эки-үч курда күбө болгом. Анын эки демилгесин – электрондук башкарууну жана аймактарды өнүктүрүүнү азыркы Президент С.Жээнбеков менен өкмөт башчы С.Исаковдун колдоп жатышы К.Жумалиевдин илимпоз жана жетекчи катары көрөгөчтүгүн далилдейт деп ойлойм.
Тилекке каршы, К.Жумалиев өкмөттү өтө кыйын кырдаалда жана аз убакыт башкарды. 1997-жылы жайында түштүк Азияда финансы кризиси от алып, 1998-жылы КМШ өлкөлөрүнө өттү, эң чоң мамлекет болгон Россияны да аласалдырып, дефолтко учуратып, С.Кириенконун өкмөтүн алып түштү. Анын таасири бизге да тийип, акчабыздын куну долларга салыштырганда үч-төрт эсе төмөндөдү. Бул маселе улуттук коопсуздук кеңешинде каралып, А.Акаев К.Жумалиевдин өкмөтүн кызматтан кетирди. Ошондо мен өзгөчө пикирде болуп, минтип айткам: “Финансы кризиси – дүйнөлүк тенденция. Жумалиев жаңы эле иштеп, тажрыйба алып жатат. Маселеге тикелей жоопкерчилиги бар финансы, экономика министрлерин, Улуттук Банктын төрагасын кызматтан алып, К.Жумалиевге иштөөгө дагы мүмкүндүк бербейлиби”. Бирок А.Акаев көнгөн жок: ал кантсе да оор абал үчүн олуттуу кан чыгаруу, саясий жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөөнү туура көрдү. Экинчиден, даяр кишиси бар экен. Ал – илимден келген К.Жумалиевден айырмаланып, өмүр бою өндүрүштө өскөн, саясий (партиялык) жана чарбалык тажрыйбасы бар Жумабек Ибраимов болуп чыкты.
Ж.Ибраимов мектепти бүткөн соң өнөр жай ишканаларында катардагы кесиптерде иштептир, Советтик Армияда десанттык өнөрдү үйрөнүптүр, кайтып келип Фрунзедеги политехника институтун бүтүрүптүр, кайрадан өнөр жай ишканаларында өз адистиги боюнча жетекчи кызматтарда жүрүптүр, акырында партиялык жетекчи кызматтарга көтөрүлүптүр. Мен аны 1990-жылдардын башында Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөнүбүздө таанып калдым. Ал дайыма түз, ачык сүйлөгөн шар жигит эле. Эсимде айрыкча калганы - Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда ал Бишкек шаарынын мэри катары финансы министри К.Шакиров менен катуу айтышып, тыныгуу маалында иштин, шаардын кызыкчылыгы үчүн жакалашууга чейин барган. Ал ушундай, оттой жанган жетекчи болчу.
Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, жакын болуп кеттик. Ал Бишкек шаарын башкарса, мен адегенде өкмөттө вице-премьер-министр болуп жүрүп, кийин Ош областына аким болуп кеттим. Бишкекке келгенде сөзсүз кабинетине кирип кетчүмүн, себеби экөөбүз 1993-жылы И.Кадырбеков, К.Бөкөмбаев, А.Атамбаев, К.Идинов менен бирге социал-демократиялык партияны түзгөнбүз, Ж.Ибраимовду алгачкы координатор кылып шайлаганбыз, мында анын мурдакы партиялык - уюштургуч талантын жана тажрыйбасын эске алганбыз.
1995-жылы экөөбүз кайрадан Жогорку Кеңештен табыштык: ал дагы Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп, мындан тышкары Мамлекеттик катчы, андан кийин Президенттин кеңешчиси сыпатында президенттин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткарды. Көп жолу жолугуп, чер жазыша сүйлөшүүгө туура келди. Ал өтө ачык, куулук-шумдукту билбеген жана аны жактырбаган, дайыма чындыкты сүйлөгөн, колунан келсе жардам берүүгө, касты дос кылууга умтулган асыл адам эле. Менимче, ошол учурда оппозицияны А.Акаев менен сүйлөштүрүүгө көп аракет кылды. Менин 1997-жылы 26-ноябрда Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп шайланышыма да А.Атамбаев менен бирге жанын үрөдү. Мен муну тарых жана арбагынын алдында дайыма эстеп жүрөм.
Ошентип, К.Жумалиев 1998-жылы декабрда өкмөт башчылыктан кетти. А.Акаев кечке маал мени чакырып, ордуна Ж.Ибраимовду сунуш кыларын айтты. Мен: “анын ден соолугу жакшы эмес да” деп, досумду - Ж.Ибраимовду аядым. Анткени ал эки-үч жылдан бери жаман илдетке чалдыгып, операция болуп, аябай арыктап, азап чегип жүргөн эле. А.Акаев “ойлоноюн” деп калды. Эртеси эрте менен кайра чакырып: “Врачтар менен сүйлөштүм. Иштей алат экен”,- деди. Мен каяша айтып отурбай, анын ниетин түшүнүп макул болдум. Сессияда Ж.Ибраимовду депутаттар кызуу колдоп беришти.
Ж.Ибраимов өзүнө мүнөздүү өткүрлүгү менен ишти батыл баштады. Өкмөттүн курамы боюнча мени менен кеңешип, бир нече депутатты (Э.Узакбаев, Т.Алыкулов ж.б) министрлик кызматка алды. Бар дитин экономиканы жандандырууга, каржы капаатынын кесепеттерин жоюуга, эң алды жемкорчулукту ооздуктоого жумшады. “Уяты жок бирөө мага 50 миң доллар алып келиптир. Тилдеп кууп чыктым”,- деген сөзү телевизордон айтылды. Аттиң дүйнө, ал аз гана – болгону үч ай иштеди: жабышкан жексур аны 51 жашында алып тынды. Ушундан улам дайыма ойлоп коём: эгер өкмөт башчылыкка барбай, кара жанын карч кылып кыйнабай койгондо, балким, дагы жашамак, бир топко дейре арабызда жүрмөк. Бирок ал өзүн эмес, өлкөсүн, элин ойлоп, кантсе да өз салымын кошкусу келди окшойт. Ошонусу менен элдин эсинде күйүп жанган комета сыңары эсте калды.
К.Жумалиев болсо башка кызматка – Жалал-Абад областынын губернаторлугуна кетти. Өкмөт башчылыгынан бошонгон кечте көңүл айтайын деп жашаган жерине барсам: “Министрлик сунуш кылып жатат, кандай дейсиз?”- деди, мен көпкө ойлонбой: “Андан көрө бир чоң областты, Жалал-Абадды сурабайсыңбы. Ал экономикалык кубаты күчтүү область. Мен Ошто иштегенимде аны жакындан изилдеп көргөм, суктангам. Анан калса өз жериң. Өз эли-жериңди жакшылап билесиң, шартына каныгасың. Бул сенин келечегиңе жакшы кызмат кылат,”- деп кеңеш бергем. Ал муну туура көрүп, ошол жакта эки жыл иштеди (Жалал-Абадка кире бериштеги кооз дарбаза жана Курманбек баатырдын эстелиги – анын демилгеси), андан соң транспорт жана коммуникация министри, вице-премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр кызматтарын аркалап көзгө көрүнөрлүк иштерди жасады. Мен билгенден, Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас, Кербен – Ала-Бука автожолдорун жаңылоодо, республикада уюлдук байланышты өнүктүрүүдө анын салымы чоң.
К.Бакиевдин бийлиги тушунда А.Акаевдин шакирти катары укук коргоо органдары аны да катуу казышты, бирок илинчек таба алышпады. Ошондон бери он жыл бою (2005-2015) К.Жумалиев негизинен эки багытта (илим жана ишкерлик) ийгиликтүү аракеттенди. Илим жагынан карасак, ал, биринчиден, өзүнүн адистиги (техника илими) боюнча изилдөөлөр жүргүзүп, бир нече китеп чыгарды жана аны менен чектелбей коомдук-саясий илимдерге да кызыгып, “Кыргызстан инновациялык доорго карай” (2012) жана “ХХI кылым: дүйнө өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын өнүгүшү” (2016) аттуу монографияларды жарыялады. Айрымдарга окшоп колдогон, көтөргөн адамы А.Акаевди жамандабастан, ыйманын, адамгерчилигин сактап, “Биздин туңгуч президентибиз жөнүндө” деген китебин да (орус тилинде, 2013) чыгарды. Экинчиден, уюштургуч катары Улуттук илимдер Академиясында лабораторияны жана физика-техникалык институтту жетектеди. Азыр илимди каржылоого мамлекет жетиштүү каражат бөлбөгөндүктөн К.Жумалиев институттун жана жалпы эле Академиянын муктаждыктарына өз эсебинен каражат жумшаганын Улуттук илимдер Академиясынын мурдагы президенти катары тастыктап кетмекчимин. Буга мүмкүндүк түзгөн жагдай – К.Жумалиевдин ишмердик (бизнес) өнөрдү да мыкты өздөштүрүп алганы. Ушул жатынан ал башка окумуштуулардан кескин айырмаланып турат. Мунун айкын далилдери – ал ачкан жана уюштурган бир канча завод, базар жана окуу жайлар.
К.Жумалиев 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Салыштырмалуу дале жаш, пайгамбар жашына жаңы эле чыгып турган чагы. Ал буга чейин көп жетишкендиктерге ээ болду, үч тармакта – илимде, саясатта жана ишкерликте чокуга чыкты. Мындай адамдар дүйнөдө сейрек кездешет, Кыргызстанда болсо, саналуу гана, тагыраак айтканда, жалгыз өзү. Мунун негизги себептери – ата-энесинен өткөн канында, тыным билбеген эмгекчилдигинде жана элдин берген ак батасында. Аны К.Жумалиев өзү да “ХХI кылым: дүйнө өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын өнүгүшү” деген акыркы китебинде кыргыз элинин төмөнкү макалын келтирүү менен бышыктайт: “Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт”. Калетсиз сөздөр!
К.Жумалиев менен Ж.Ибраимовдун өрнөктүү өмүрлөрүн, жасаган иштерин канааттана кеп кылып, акырында бир өкүнүчтү ортого салгым келет: А.Акаевден бери өкмөт башчыларын бат-бат алмаштыруу өнөкөтү орун алып келатат. Айталы, А.Акаев маалында 8, К.Бакиев кезинде 6 (А.Исабеков деген эл билбеген азамат 2 ай), Р.Отунбаева убагында 3, А.Атамбаев заманында 6 өкмөт башчы алмашты. Бул саясатка жана экономикага түздөн түз терс таасир этет, туруксуздук, белгисиздик жаратат, өзүбүзгө гана эмес, чет өлкөлүктөргө да өөн учурап, инвестиция тартууга, өтмөчүлдүккө, ишенимге зыян келтирет. Эгемендүүлүк жылдарынын дагы бир тескери сабагы катары мындан арылып, өкмөт башчыларын убактылуу жана жеке кызыкчылык үчүн эмес, жалпы элдин, мамлекеттин таламы үчүн жөндөмүнө, ыймандык, адамгерчилик жана иш билгилик сапаттарына карап тандоого, алардын жемиштүү иштеши үчүн туруктуу шарт-жагдайларды түзүүгө көнүшүбүз керек. Мындан өкмөт башчы да, эл да, чет өлкөлөр да утат, Кыргызстанда туруктуулук орнолот, ишибиз алга жылат.
Абдыганы Эркебаев
5.03.2018
Булак: "Майдан.kg" гезити