Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 170

 

Ой-илик

 

Казынаны какшыткан коррупция: тамырын чабууга Жээнбековдун бийлигинин алы жетеби?

 

- Казынаны какшыткан же коррупцияга тиешеси бар бирок, токтоп калган кылмыш иштер жанданып, дыкат иликтенип, адилеттүүлүк үчүн кадам ташталат деп ишенсек болобу?

 

- Сооронбай Жээнбековдун Коргоо Кеңешиндеги сүйлөгөн сөзү ошол сиз айтып жаткан казынаны курута соргон, бирок токтоп калган коррупциялык кылмыш иштер жанданат деген ойго жем таштады. Бирок, бул азырынча сөз, ниет эле боюнча турат. Реалдуу иш башталганы көрүнө элек. Албетте, мен бул сөздөргө ишенгим келет. Аябагандай жакшы айтты. Эл күткөн сөздү сүйлөдү. Бирок жыйынгыгы кандай болот, алдын-ала айтуу кыйын, себеби баары президентибиздин канчалык деңгээлде эрктүү, духтуу экенинен көз каранды. Эгер ушул багытта чечкиндүү кадамдарды таштап, "показуха" үчүн эмес, чын коррупционерлер менен күрөшө алса анда бийлиги да бекемдеп, элдин колдоосуна да ээ болуп, күчтүү президентке айланып кетиши турган иш. Эгер анте албаса анда дагы бир үч айдан кийин кадыры такыр нөлгө түшүп, Мискенбаевдин айтканынан чыга албаган абалга жетиши мүмкүн.

Булак: "Майдан.kg" гезити