Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 126

 

20-мартта КСДП фракциясы чукул жыйынга чогулду. Жыйын жабык эшик артында өттү. КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов жыйында партиянын курултайы тууралуу сөз болгонун журналисттерге маалымдады. Анын айтымында, курултай 31-мартта Бишкек шаарында өтөт. Ал эми курултайдын күн тартиби тууралуу азырынча маалымат беришпей турганын кошумчалады. Айтор, бул курултайдын артында дагы кандай саясый оюндар катылып жатканын көрө жатарбыз.

 

"Азия Ньюс"