Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 22-мартта, Медетова Эльмира Медетовнаны Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин орун басары болуп ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.