Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун ажо катары расмий иштеп баштаганына 110 күн болду. Өлкөбашчы коррупцияга каршы катуу күрөш башталаарын жар салды. Коррупцияга каршы күрөшүүдөкандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Президент бул айтканын иш жүзүнө ашыра алат деп ишенесизби?

 

– Жакында өткөн Коопсуздук Кеңешинин отуруму Пре­зидент Сооронбай Жээнбеков­дун коррупцияга каршы күрөшүү ыкласы менен реалдуу саясий кырдаалдын ортосундагы ажырымды даана аныктап койду десек жаңылбайбыз. Анткени, ал жерде президенттин айткан сөздөрү менен чыгарган чечими, андан кийинки практикалык кадамдары шайкеш болбой калды. Сөздү угуп отурушкан элдин маанайы көтөрүлүп, дуу-дуу болуп калды эле, эртеси шаабайлары сууду. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөштө башкы каршылык, башкы тоскоолдук болуп ошол күрөштүн башында турган мамлекеттик органдардын жетекчи кызматкерлери тарабынан болоору айдан ачык экендиги эл ичинде кеңири айтыла баштады. Эгерде сөздөн конкреттүү ишке өтпөй, дагы бир топко создуктура турган болсо Сооронбай Жээнбековго кара­та элдин назары сынат. Бул айныгыс чындык. Менимче бул жагдайды президент деле жак­шы баамдап турат, тажрыйбалуу киши эмеспи. Ал азыр өзү айткан сөздүн кулу да. “Кандын сөзү жерде калбайт” деген накыл кеп бар. Сөзүң куру калтырбай, реалдуу иштерди аткарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

 

Гүлмира ШАРШЕЕВА

 

Булак: Фабула