Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 295

 

Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморовго жергиликтүү Кеңештин 28 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп,  кызматынан алып тынышты.

 

- Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморов эл менен тыгыз иштеше алган жок! Андыктан, нааразычылык улам ырбап олтуруп, акырында маселеси Айылдык Кеңеште каралды. Сессияга чакырылган 31 депутаттын 29у катышып, булардын 28и ага таптакыр ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Биз чечимибизди райондун акимине жөнөттүк. Азырынча башчынын милдетин анын орун басары Мамырбек Сазанов аткарып турат,- деп кошумчалады Куршаб айылдык Кеңешинин төрагасы Бактыяр Табытбек уулу.

 

Баса, Белекбай Оморов 2017-жылдын январь айында Куршаб айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган. Шайлоодо ат салышкан үч талапкер Белекбай Оморов – 16, Жуманазар Калбаев – 3, ал эми Алтынбек Ташиев 12 добуш топтошкон.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Булак: "Майдан.kg" гезити