Жабык жолдо камалып калган жүргүнчүлөр ӨКМ министри Кубатбек Бороновду издешүүдө. Бишкек-Ош унаа жолу үч күндөн бери жабык. Жол жабылат деп куру дегенде беш-аты күн мурун айтылса, жүргүнчүлөр ошол убакка туш келбегенге аракеттенип, каттоо кыймылы зарыл болсо, же эрте, же кечирээк жолго чыгышмак.
Өзгөчө кырдаалдар кайсы жерге көчкү түшөөрүн алдын ала иликтей билип, коомчулукту өз убагында кабарлап турушу керек эле го. Бирок, ӨКМ жол жабылды деп кабар жөнөткөн учурда эки шаарды бириктирген унаа жолунда сапар тартып келаткандардын катары арбын эле. Алар жабык жолду же тиги жагына өтө албай, же бул жагына келе албай, тогуз жолдун тоомунда калышты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош жолунда учурда жүзгө жакын жүргүнчүлөр камалып калышкан. Алардын арасында улгайган курактагылар да, жаш балдар да бар.
Келген жагына кайтып кете алышпаган жана алган багыттарын улантууга мүмкүн болбогон аргасыздыкка кабылышып, саат өткөн сайын акыбалдары оордоп жатканын телефон аркылуу кабарлашты. Бир нече күндөн бери Бишкекте да күн суук. Жайдын аптабында да салкын тарткан Төө-Ашууну беттеген унаа жолундагы бүгүнкү аба ырайын элестетип кое бергиле. Кар, шамал, бороон-чапкынга аралашып, үймөктөшө токтогон темир машинелерден жылуулук издөөдөн башка аргалары жок. Токтоп турган машинени жылытуу үчүн күйүүчү май кетээрин билесиздер. Жакын арада жол ачылбаса күйүүчү майлар да түгөнөт, анан орто жолдо калган адамдар кантип жылынышат да, кантип сапарын улашат? Ал жерде калган жарандар ыйлап телефон чалышууда.
ӨКМнын министри Кубатбек Бороновду жолдогу жүргүнчүлөр ушул тапта абдан тез эстеп башташты. Бул кишинин ысымы ар бир жүргүнчүнүн оозуна кадалып калгандай, асмандагы Кудайдан жардамды бир күтүшсө, бул кишинин да жигердүү аракетке өтүүсүн тиленип жатышат. Өлкөнүн бирден бир эң башкы жолуна көчкү түшүп, үч күндөн бери кыймылды токтотуп салды, өзгөчө абал орноду. Өзгөчө кырдаалдар министри кайда жүрөт? Суукта, жол ортосунда калган жарандарга кандайдыр бир жол менен жардам берүүгө Кубатбек Боронов качан камылга көрөт.
Министр кыбырагыча, жаз чындашып келип, түшкөн көчкү өзү эрип кетпегей эле. Эске салсак, Бишкек-Ош автоунаа жолунунун 246 чакырымында 13-марттан 14-мартка караган түнү кар көчкү жүргөн. Транспорт министрлиги ал жерде министрликтин жумушчулары тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган. Учурда “Сосновка”, “Өтмөк” жана “Арал” постору жабык, башкача айтканда Бишкек- Ош автоунаа жолдору толугу менен жабылган.