Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 140

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына учуп барды.

 

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду  Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусуна катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. Эки мамлекеттин башчылары  кыргыз-казак- мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулайт.

 

Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.