Өзүн көкөлөткөндү ой-да сүйгөн Сапар Исаков!
- Өкмөттүн курамын С.Исаков өзү түзүп, жоопкерчилик алып иш баштаган. Парламенттеги бир гана депутат вице-премьер болуп, башкасы киришкен жок. Эски президент кетип, жаңы президенттин өкмөттүн ишине кийлигишкенге убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болгон жок. "Таза коом", "40 кадам" жана башка долбоорлорду айтып, бири да ишке ашкан жок. “Мегаком” ишканасын сатабыз деп шылуундар менен уят болушту, “Кумтөр”, мөңгү маселелери, Бишкекте бактардын аесуз кыйылышы, милициянын формасын өзгөртүп эми атын өзгөртөбүз дегени, ТЭЦтеги коррупция жана башка көптөгөн маселелер бул өкмөттү өтө чабалдыгын көрсөттү. Өзү алып келген кадрларга сөгүш жарыялап, кызматтан бошотуп жатканы иштин бүткөнүн айгинелейт. Өкмөттүк жана саясий кризиске кептелгенибиз анык. Чыгуу жолу, президент өкмөттү таратып, жаңы курам менен иш баштоосу зарыл. Кечеңдеткен сайын абал оорлошот.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити