«Ак Шумкар», «Замандаш» жана «Эмгек» партиялары биригүү алдында деген маалымат интернет тармагында пайда болду.
«Эмгек» партиясынын төрагасы Нарынбек Молдобаев маалымат каражаттарына мындайча билдирген:
«Партиялар жалгыздап бийликке келе алышпайт. Мисалы, «Ак Шумкар» партиясы канчалык активдүү болсо деле 40 миңге жакын гана добуш алышты. Эртең дагы ушундай болсо, жакшы эмес», - деген.
Бирок, «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов ошол эле учурда кайсы бир партия менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн билдирген.
«Биз эч бир расмий жолугушуу кылбадык. Биздин партиянын алдындагы максаты бекемделүү, аны менен учурда алектенип жатабыз. Жакында аймактык конференциялар өткөрүлүп, анан сьезд болот. «Замандаш» өз алдынча деле күчтүү партия, ошондуктан, андай сунуштар бизге түшпөсө керек деп ойлойм», - деген Молдокматов.