Бүгүн расмий иш сапары менен Тажикстанга барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду коёшу мамлекеттин премьер-министр Кохир Расулзаде Дүйшөмбү аэропортунан тосуп алды. Аба майданына ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери желбиреди.
Эки күндүк иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат. Анын жыйынтыгынга ылайык бир катар маанилүү документтерге дагы кол коюлат. Акырында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү дагы жасашат.
Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Өкмөт башчысы жана Парламент төрагасы менен дагы кезигишет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Бишкек, «Саясат. kg».