- Урматтуу эли-журтум! Шаардык кеңешке кайсы партиялар келээри сиздердин тандооңуздардан көз каранды болоору анык. Биздин партиянын программасы менен таанышканыңыздарга рахмат. Таш-Көмүр шаары бир убактарда гүлдөгөн, өнөр-жайы өнүккөн шаар болчу. Ошондогу өнүккөн шаар азыр кандай акыбалга келип калганын баарыбыз көрүп турабыз. Бул жетекчиликтин, тийиштүү тараптардын кайдыгерлиги, аймактарды өнүктүрүүнү экинчи планга койгон шылаакалыгы экенин да билебиз. Ошондуктан, ар бирибиз кандай шартта, кандай жерде жашагыбыз келсе, ошого жараша аракет көрүүгө убакыт келип жетти. Шаардык кеңешке ат салышкан партиялар көп, бирок, алардын кайсынысы шаарды кризистен чыгарып кете алат? Кайсы партия буга чейин эл үчүн алгылыктуу иштерди жасады? Бул суроого сөзсүз олуттуу караңыздар. Анткени, шайлоо алдында берген убада эмес, ага чейин жасаган иштер көп нерсени айтып турат. Биздин партия көп жылдардан бери аймактарга көңүл буруп, айыл жергесинин жашоочуларынын жашоо шарттарын оңдоого салым кошуп келди. Сиздердин ишенимге ээ болууга ниетибиз чоң.
Булак: «Майдан. kg» гезити