Экс-акыйкатчы, Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги саясый кырдаал тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
- Турсунбек мырза, Атамбаевди колдоп, Сооронбай Жээнбековго ишеним артып, шайлоодо КСДПнын талапкери өтүшүнө кошкон салымыңыз эмне менен бааланды?
- Чынын айтсам, мен кызмат алыш үчүн же дагы бир максатыма жетиш үчүн Сооронбай Жээнбековду колдогон жокмун. Чыныгы атаандаштар кимдер болоорун карап көрүп, анан Сооронбай Жээнбековго ишеним арттым. Чынын айтсам, мен ал киши менен “өтүп калсаңыз бул кызматты мага бересиз” деп соодалашкан эмесмин. Башкача айтканда, ортобузда кайсы бир кызмат тууралуу сүйлөшүү болгон эмес.
- КСДП Акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним артпай койгондон бери сиздин кайрадан бул кызматка бара тургандыгыңыз тууралуу имиштер арбый баштады. Кокус акыйкатчылык кызматка сизди көрсөтсө иштеп бересизби?
- Мен акыйкатчы болуп иштеп көргөм. Акыйкатчылык кызматтын күңгөй-тескей жагынын баарын билем. Депутаттар кааласа иштетип, каалабаса чакыртып алгыдай акыйкатчылык кызмат аларга көз каранды болбошу керек. Башкача айтканда, ал өзүнчө эч кимге баш ийбеген, кандай маселе болбосун өз көз карашын тартынбай билдирген бирден бир орган. Ошондуктан, Акыйкатчы пикирин кайсы бир партияга ыңгайлуу кылып билдирүүгө милдеттүү эмес. Акыркы жылдары коомдо акыйкатчынын ролу жоголуп, анын бар же жок экени билинбегени менен мен Акыйкатчы институтунун эки жылда бир алмашышына чынында каршымын. Ырас Кубат Оторбаев ойдогудай иштей албай жатат. Эки жылдан бери докладын тапшыра элек. Бирок, Акыйкатчы жыл сайын алмашышы керек эмес. Ошон үчүн Кубат Оторбаев жыйынга ар шылтоону айтып келбей койбой, докладын депутаттардын артынан кууп жүрүп болсо да тапшырышы керек. Болбосо, ишке жөндөмсүз экен деген кептердин тарап, ал арыз жазып кетүүгө аргасыз болот.
Негизи Кубат Оторбаевдин акыйкатчы экенин көптөр билбейт. Оторбаев десе айрымдар Жоомарт Оторбаев экен деп ойлошот экен.
Мен да кезинде акыйкатчы болуп иштегем. Ал тургай Батукаевди кетирүүдө мени садага чабышып, кызматтан кетиришкен. Ачкачылык жарыялап, чындык издеп күйбөгөн жерим күл болгон. Эми ошондой оор мезгилди башымдан өткөрүп алып, кайра ал кызматка кайтып барбайм. Ошон үчүн мени Акыйкатчы болот экен деген оюңардан кайтсаңар деле болот. Мен тубаса укук коргоочумун. Мындан ары берген сунушум эске алынса, укук коргоо тармагында иш алып барам. Башкача айтканда, ал сунушум эске алынбаса, эч кимге таарынбайм.
- Атамбаев бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Ал кандай президент болду?
- Атамбаев колунан келишинче жакшы эле иштеди. Мактоого арзыган иштери да болду. Ошондой эле айрым учурда катачылыкка да жол берди. Эң негизгиси, бийлигин тынчтык жолу менен өткөзүп берип, стабилдүүлүктү сактады.
- Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кадрларынын зоболосун көтөрүп, аларды белдүү кызматтарга дайындап жатканы экс-президент тымызын башкарып жаткандан кабар бербейби?
- Кабар бербейт. Анткени, Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаев бир партияда болуп, бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарып иштешти. Атамбаевдин кадрларынын артыкчылыгын билгени үчүн аларга басым жасап жатат окшойт. Кыскасы, иш билгисин калтырып, иштей албаганын кетирип жатат. Маселен, Фарид Ниязовдун кызматы жогорулаганы менен Элвира Сариеваны, дагы башка эрке талтаңдарды кызматтан алды.
Чынында Атамбаевдин ишин илгерилетип, программаларын ишке ашырууга салым кошкондордун бири Фарид Ниязов. Ал көчөдөгү кадр эмес. Ал Сооронбай Шариповичти президенттикке өткөрөм деп президенттик аппаратта иштеп турган жеринен штабды жетектеп кеткен адам.
- Президент КСДПнын төрагалыгына таттыктуу кадр дешкени менен Асылбек Жээнбеков тымызын башка партия түзүү аракетин баштаптыр деген маалымат желдей тарады. КСДПнын күнү бүтөбү?
- Менимче КСДПнын күнү бүтпөйт. КСДП келечекте өркүндөп өсө турган, парламенттин шайлоо дагы болсо эң көп добуш ала турган партия. Келечекте КСДПны шайлоого катыштырып, кимдер депутат болоорун Атамбаев өзү чечет. Бирок, ал партиясынын жардамы менен парламентке келип, спикер болоруна ишенбейм. Асылбек Шарипович деле айрымдар божомолдогондой КСДПга каршы чыкпаса керек. Ал бир эмес, төрт жыл катарынан Атамбаевдин артынан спикер болуп, парламентти кыйшаңдатпай башкарды. Ошон үчүн ал Атамбаевге каршы чыкпайт. Негизи Асылбек Шарипович Атамбаевге каршы чыга турган жигиттерден эмес. Анын тымызын партия түзүп жатыптыр дегени эрикпегендер кеп кыла турсун деген көп ушактардын бири болсо керек. “Атамбаев кийлигишип жатат”- деп кооптонбой койсок деле болот. Ал телевидениеден чыгып, ачык башкарууга өткөн жок.
- Сариев Өзбекстандан алып койгон 4 пансионатты Сооронбай Жээнбеков президент болуп келээри менен Өзбекстанга кайтарды. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Мен да Сариевдин “алып койгон пансионаттарымды Жээнбеков берип койду”- деп мактанып, “сүйлөп жүрүптүр” деп уктум. Чынын айтсам, бул маселенин экономикалык жагы эске алынып чечилген окшойт. Айрымдар эл аралык сотко бергени үчүн Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга берүүгө аргасыз болду дешет. Анткени, эл аралык сот алардын пайдасына чечип коё турган болсо, биз пансионаттар эле эмес, андан бөлөк каражат да төлөп калышыбыз мүмкүн экен. Ошол жагдайды алдын алып, жаңы президент ызы-чуусу жок пансионаттарды өткөрүп берди дешет. Кээ бирөөлөр болсо, солгундап кеткен мамилени чыңдаш үчүн ушундай кадам жасалганын айтышат. Кыскасы, экономист болбогондон кийин бул маселеде кайсыл жагы ынанымдуу экенин айта албайм.
- Негизи Сооронбай Жээнбеков кандай адам?
- Жакшы адам. Мен Сооронбай Шариповичти студент кезинен бери билем. Өтө кылдат, радикалдуу иштерге барбаган, андай чечим кабыл албаган адам экенин билем.
-Текебаевдин адвокаттары Кыргызстандын соту аны күнөөсү аныкталбаса деле камап койгонун айтышып, чындык издеп, эл аралык сотко кайрылаарын кабарлашты. Эми Текебаевди бошотууга эл аралык сот кийлигишеби?
- Текебаевдин адвокаттары Кыргызстанды жаман атты кылып, эл аралык сотко кайрылганча, Сооронбай Шариповичке кайрылса жакшы болмок. Себеби, эл аралык сот таасир эткенче төрт, беш жыл өтөт. Төрт жылда Текебаевдин мөөнөтү деле бүтүп калат. Ошондуктан бул маселени башкалар эмес, Сооронбай Жээнбеков эле чечип коюшу мүмкүн. Негизи президент деле камактагылар боюнча ойлонуп жатса керек. Текебаев эле эмес, саясат жыттанган бардык камоолорго адилет чечим кабыл алып, кечирим кылып, калыс чечим кабыл алса жакшы болот эле. Анткени, Сооронбай Шарипович бирөөгө жамандык кылып, бирөөдөн өч алсам деген ойдон алыс адам.
Чынайым Кутманалиева, Булак: «Майдан. kg» гезити