А.Мадумаровдун айтымына, жаңыдан президенттик аппарат жетекчилигине дайындалган Фарид Ниязов “учурунда акаевдик бийликтин саясатын жүргүзүп келген, жалган-жашыктарды айтып отуруп, элдин көтөрүлүшүнө, 2005-жылдагы март төңкөрүшүнүн чыгышына бирден бир себепчилердин бири болгон”.

 

“Аппараттын башчылыгына Фариддин келиши Жээнбековдун дайындоосу эмес, Атамбаевдин дайындоосу болду. Билген кишиге бул Жээнбековду ар тараптан курчоо аракети, өз алдынча саясат жүргүзө албоого, түп-түз жолдон чыкпаганга алдын ала көрүлгөн митаамдык саясат”,- деди Адахан Мадумаров.

 

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери эң коррупциялашкан Мамлекеттик Бажы кызматына Кубанычбек Кулматовдун барышын да алдын ала көрүлгөн куулук катары баалады: “Бажы тармагы эң коррупциялашкан кызмат экенин кошуна мамлекеттер дагы жар салып айтып келишет. Ал жерден аябагандай арам акчалар башка багыттар менен кетип турат. Демек, ал жерге ишенимдүү адамды коюу керек. Ал акчалар шайлоолорду каржылоого, ар кандай мыйзамсыз иштердин артын жабууга жумшайт”.