Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда Өзбекстанга расмий сапар менен бараары белгилүү болду. Сапарга даярдануу иштеринин кандай аткарылып жатканын мамлекет башчысына ТИМ министри Эрлан Абдылдаев маалымат берди.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, министр мамлекет башчысына ЕККУ өлкөлөрүнүн министрлер кещешинин жыйынынын жыйынтыгы жана Сербияга расмий сапар тууралуу да айтып берди.
Мамлекет башчысы министрге алдыдагы сырткы саясат иш чараларына кылдат даярдык көрүүнү тапшырды.