Бишкек шаардык коалициясында жакында көпчүлүк коалиция тараган болчу. КСДП фракциясы коалициядан чыгып кеткен.
Эми көпчүлүк коалиция кайра куралат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бир гана «Республика-Ата Журт» фракциясы сыртта калчудай.
Шаардык кеңеште жалпысынан беш фракция бар, алар: КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс».
Жаңы коалицияга РАЖдан башка фракциялардын баары кирет. Расмий билдирүү ушул жумада жарыяланат.
Бул Бабановдун партиясынын башына кара булут айлана баштаганынын дагы бир белгиси болуп тургандай…