Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 321

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун мандаты  алынабы? Бул суроо көпчүлүктүн кызыгуусун жаратса керек.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, депутат мандатынан 30 пленардык жыйынды  жүйөсүз себептер менен калтырганда гана парламенттин, же ал мүчөсү болгон фракциясынын сунуштамасы менен гана кайтарылып алынат. Же, кайсы бир кылмыш менен айыпталып, ал кылмыш сот тарабынан тастыкталып, чечим чыккандан жана ал чечим күчүнө киргенден кийин алынат. Ал эми БШКга парламенттен жана «Республика-Ата Журт» фракциясынан эч кандай сунуштама келе элек.

 

 Эске салсак, Бабанов өлкөдөгү президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал ден соолугун чыңдоо максатында чет жерге кеткенин билдирип, РАЖдын лидерлик милдетинен баш тартканын видео аркылуу жарыялаган. Бабановдун кеткенинен бери бир айдан ашуун убакыт өттү, бирок, ал мекенине кайтууну ойлоно электей.

 

Ошондой эле ага УКМК тарабынан «улуттар аралык кастыкты коозутуу» беренеси менен кылмыш иши да козголгон.