Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 761

 

 

 

Казакстандык «Хабар» телеканалы Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев тууралуу документалдуу тасма тартты. Анда Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялар тууралуу айтып берген.

 

«Кандай кийинип турсам ошол бойдон кеттим. Реликвия үчүнбү, же башкабы, билбейм, жада калса менин ич кийимдеримди да тартып алышты. Байпак, трусаларымды да алышты. Идиш-аяктарды айтпай эле коеюн. Мен ишенем, убакыт келет, мен да мекениме кайтам», - деп айткан Бакиев.

 

 


 

 

 

 Документалдуу фильмде Кыргызстандын өткөөл убагынын президенти Роза Отунбаеванын маегинин үзүндүсү да  бар. Анда Роза Отунбаеванын: «Ошол учурда мага Вашингтондон Нурсултан Назарбаев телефон чалды», - деп айтканын тасманын анонсунан көрүүгө болот.

 

 

 

пропорции

 

 

 Тасма «Хабар» телеканалында ушул жылдын 29-ноябрында саат 21:30да көрсөтүлөт.