Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 180

 

Бүгүн Атамбаев президенттик укуктарын Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди.

 

«Алты жыл мурун мени ушул кызматка шайлагансыңар, мына менин да мөөнөтүм соңуна чыкты, Кудайга шүгүр», - деп күлдү мурдагы президент  Атамбаев.

 

«Алты жыл тарых ченемдеринен көз таштаганда көз ирмемчелик убакыт. Бирок, алты жыл абдан оор болду. Бул жылдар өлкөбүздү түп-тамырынан өзгөрткөн жылдар болду. Манас атабыздын улуу сөздөрүнө, насааттарына таянып иш жүргүздүк. Бир убактарда чет элдик саясий серепчилер Кыргызстан мамлекет боло албай калды, бөлүнүп-чачылып кетет деген анализдерин жарыялашкан. Бирок, Жараткандын жардамы, элдин эмгеги менен ал учурдан өттүк», - деди Атамбаев.