Жаңы президенттин ант берүү аземинде Сооронбай Жээнбеков «ыймандуу бийде тууган, туугандуу бийде ыйман» болбой турганын белгиледи.
«Мен үчүн өлкөнүн кызыкчылыгы башкы орунда турат. Коррупция менен күрөшөм. Баары мыйзам алдында бирдей болот. Укук коргоо жаатындагы коррупция тамыр алганынан коомчулукта сын-пикирлер пайда болуп жатат. Биз бул жаатты коррупциядан арылтып, алардын башкы милдети жарандардын коопсуздугун камсыздоо экенин сиңиришибиз керек», - деди Жээнбеков.
Ошондой эле ал тууганчылык, таанышчылдыкка жол бербей турганын белгилеп, кыргыз элинин макалын айтты: «Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок».