Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 191

 

Президент Атамбаев бүгүн кызматын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берүүдө.

 

Ант берүү аземинде Сооронбай Жээнбеков: «Кыргыз эркиндикти сүйгөн эле. Кыргыз акыйкатсыз бийликке чыдай албайт. Мени кыргыз кылып жараткан Алла Таалага ыраазымы. Акыркы жылдар Кыргызстанда кылымга тете болду. Улуттук кайра жаралууга багыт алды. Зор саясий окуялар орун алды.

 

Кыргызстан дүйнөгө демократиялык мамлекет экенин далилдеди. Бүгүн эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчысы өз ыктыяры менен бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берип жатат», - деди.

 

Андан ары Атамбаевдин саясий маданияттын калыптанышындагы эмгегин белгилеп, ага ыраазычылыгын билдирди.