- Сабыр байке, бир топ убакыттан бери баарлашпай кеттик. Өлкөдөгү болуп аткан окуялар тууралуу ой-пикирлериңизди окурмандарыңыз деле күтүп атса керек. Андыктан, баягы салтка айланып бараткан узун кепти баштайлы. Эми азыр экинин бири талкуулап жаткан маселе президенттик шайлоо, кыргыз-казак мамилелери болуп жатпайбы. Ошол тууралу маектешсек деп турамын. Алды менен президенттик шайлоо, мамлекеттик бийликтин мыйзамдуу жол менен алмашып жатышына кандай баа берээр элеңиз?
- Бийликтин мыйзам чегинде алмашып туруусу өнүгүүнү шарттары талашсыз маселе. Муну биз баардык өнүккөн, демократиялуу мамлекеттердин тажырыйбасынан көрүп атабыз. Мөөнөтү бүтөөрүн, бийлиги түбөлүктүү эмес экенин сезген бийлик башындагы адам эртеңкисин, кылган иштери үчүн жоопкерчилик болоорун билет. Ошондон улам, эл ишенип берген бийликти актап, жаманатты болбой кеткенге аракет кылат. Ал эми бийликте узак убакытка отуруп калган адам жоопкерчиликти унутат, айлана-тегерегине жакындары жыйылат, алардын баарынын жеке кызыкчылыктары, амбициялары бар. Анан акырындап, аппетиттер өсө берет, коррупция күч алат, такыр кеткилери келбей, мыйзамды көзгө илбей, адам укуктары басмырланып, куугунтуктоолор күч алат. Биз эми мунун баарын көрбөдүкпү? Эки жолу элдик көтөрүлүш болуп, эркиндик үчүн кыргыз жаштарынын каны төгүлдү го? Анан биз, ошол өткөндөн сабак албасак... Мына ошон үчүн, бүгүнкү мыйзамдуу, шайлоо жолу менен бийликтин алмашып жатышын элибиз эң туура, жакшы жөрөлгө катары кабылдап жатат. Ошон үчүн, Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак мамилесине очойто чычып кеткенине да карабай, “кетип атпайбы айтор” дешип, чыдап атат да. Мыйзамдуу жол менен бийликти өткөрүп берүү салтын бекемдеп жатканы үчүн унчукпай турушат. Азыр Атамбаевдин буга чейинки жасаган иштеринин, жаман-жакшысы бир тең, азыркы бийликти өз мөөнөтүндө өткөзүп берип жатканы бир тең десек болот. Убакыт өткөндөн кийин эл эсинде анын ушул жасаган иши айтылып, ушул кадамы бааланат.
- Кыргыз-казак мамилелеринин начарлашы тууралуу эки тараптан тең абдан көп пикирлер айтылып, эки тараптан тең кайчылаш ойлор чыгып жатат. Кыргыз коомчулугунда маселенин курчуп кетишине Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөндөр басымдуу болуп, аны казак тараптан кечирим суроосун талап кылышууда. Атамбаев болсо “туура кылдым, кечирим сурабайм, алар сурасын” деп жатат. Сиз кандай дейсиз? Кечирим сурообуз керекпи?
- Коңшулар менен болгон кайым айтышуунун ушул деңгээлге чейин ырбап кетишине албетте биздин президенттин салымы зор. А деп, Нурсултан Назарбаев Өмүрбек Бабановду кабыл алгандан кийинки эки тараптын бири-бирине жөнөткөн ноталардын тексти этикалык нормалардын чегинде болду. Анан эле, биздин президентибиз ачууга алдырып, чектен чыккан лексиконго кирип, абройго шек келтирген, жоопкерчиликсиз, бош сөздөргө кирип, Нурсултан Назарбаевди, ал аз келгенсип казак элин мазактап салды. Бир айтып бир, эки айтып эки койбой ошондон бери тынымсыз улантып келе жатат. Казактар да жооп берип жатты. Өкмөт башчысы Бакыт Сагинтаевдин фактыларга таянган, маданияттуу тил менен берген жообуна көчөдө жүргөндөй жооптор берилип атты. Натыйжада, “сыныктан башканын баары жугуштуу” дегендей, Атамбаев өзүнө окшогондорду тапты, ал жактан да бок сөздөр ыргый баштады. Жөнөкөй эл, саясат талдоочулар эле эмес сенаттын, мажилистин жетекчилери баш болгон казак элитасынын өкүлдөрү биздин президентти мазак кылды. Кыжыры келген казак бийлиги минтип экономикалык блокада кылып жатат. Эки ортодо эл кыйналып, ишкерлер зыянга учурап, коңшулар менен мамилебиз абдан бузулуп отурат. Андыктан, кырдаалдын ушул деңгээлге жетип курчушуна албетте биздин президент күнөөлүү экени шексиз. Бирок ошого карабастан, мен “Атамбаев Назарбаевден кечирим сурасын” дегенге кошула албайм. Анткени, биринчиден кечирим сураганың менен алар кечирбейт. Экинчиден, алар дагы күнөөлүү. Качан болсо короктоп, кыр көрсөтүп, буга чейин деле бир нече ирет ар кандай шылтоо менен чек араны жаап, экономикалык блокада жасап келишкен. Андыктан, Атамбаев айткандай, бул маселе эртеби-кечпи кабыргасынан коюлушу керек болчу. Эки тарап тең араздашуудан пайда жок экенин түшүнүп, экинчи мындай мамилелер кайталанбасы үчүн деле абал ушунчалык курчушу керек болгондур.
- Эми мындан аркысы кандай болушу керек. Алмазбек Атамбаев эки сөзүнүн биринде “менин жолумду улабасаң таарынба” деп Сооронбай Жээнбековду (Соке) зекип атканын көрүп жатасыз. Анда маселени ким жөнгө салышы керек. Соке да жума сайын казактарга асылууну адат кылышы керекпи? Атамбаевдин бул теманы такыр унута албай тынымсыз кайра-кайра кайталап жатышынын сыры эмнеде? Эмне себептен ушул темага орустар айтмакчы, “зациклить” этип калды деген ойдосуз?
- Ооба ошентип атат. Ал тургай “мен бир эки ай жумушсуз болсом, бийликтин айрым бутактарын оодарып жиберишим мүмкүн, билесиңер, андайды жасаш колуман келээрин” дегенсип да жиберди го. Эми ар кандай сөздөр айтылууда. Жаңы президентибиз Атамбаевдин башка жолун уласа да бул жолун улай албайт го деп ойлойм. Анткени ал элдин көйгөйүн чечип, эки элдин ортосундагы ынтымак, ырашкерликке кызмат кылуусу керек. Анан жума сайын чыга калып эле коңшуларды боктой берсе кайдагы ынтымак. Андайга Соке биринчиден элибиздин келечеги, коңшулар менен ынтымактын керектиги үчүн бара албайт, экинчиден ал богооз эмес, анын тарбиясы, маданияты башка.
Мен ойлойм, эки элдин ортосундагы мамиле жөнгө салынат. Достукту, тууганчылыкты өркүндөтүү жаңы президенттин колунан келет. Алмазбек Атамбаевдин бул темага байланып калганын талкуулаган коомчулук ар кандай пикирлерди билдирип, “крышасы тайып кетиптир” дегенге чейин айтылып жатат. Чындыгында эле башка бир талылуу маселелерден алагды кылуу максаты бар десек болот. Менимче, кетип жатып шашылыш дайындаткан Сапар Исаковдун өкмөтүнүн “Кумтөр” боюнча шашылыш түзүлгөн келишими, Суу кодекси, “Лиглас” чыры, Мегакомду соодалоо ж.б.у.с чуулгандуу иштерден элдин көнүлүн алаксытуу максатында жасалып жаткансыйт. Ич ара чабышып жаткан кыргыздар сырттан жоо келгенде бир муштумга түйүлө калмайы бар эмеспи. Ошого расчет кылышып, сырткы душман катары казактарды алып чыгып, болгон кыйынчылыктын баарын “сырткы душмандар, казактар алып келип жатат” деп алаксытуу аракеттери болуп жаткандай. Бирок кандай деген күндө да, элибиз сабырдуу, элибиз данышман экен, “жолбашчыларды” ээрчип, коңшулар менен душмандашып, бок чачышып кеткен жок. Келечекке үмүт менен карап, эртеби-кечпи коңшулар менен бир туугандык мамилебиз ордуна келээрине шек жаратышкан жок.
Эгер биз ойлогондой, элдин көңүлүн былык иштерден буруп, башын айлантып койобуз деген максат болсо, анда ал ишке ашкан жок. Анткени өкмөттүн акыркы чечимдери көз жаздымда калган жок. Жогорку Кенеште кызуу талкууланып, жоопкерчилике тартуу маселеси кайра-кайра көтөрүлүүдө. Коомчулук ичинде “мындай былык иштерге Сапар Исаков бара алмак эмес, артында Атамбаев турат” деген сөздөр байма-бай айтылууда. “Кетип атканда чала бышкан иштерин бүтүрүп алуу үчүн Максимдин шак-шагы болуп жүргөн, бийлик, мансап үчүн өл десе өлүп, тирил десе тириле турган немени алып келген тура”- деген сөздөр чындыкка жакындай сезилет.
Садыр Жапаровдун “Кумтөрдөн алтын алып, самолет менен Туркияга алып кетип жатат” дегени, митингдериндеги “Атамбаев Кумтөрдүн адвокаты” деген лозунгдарды, Өмүрбек Текебаевдин - “бизди мародер деп койот, өзү мародер, Максим Бакиев мыйзамсыз схема менен өзүнө ыйгарып алган жерди так ошондой схема менен алып хан сарай салып алды” деген айыптоолор мамлекеттик резиденциянын жанындагы элиталык шаарча ит бекер Сапар Исаковдун классташы аркылуу соодаланганынан кийин ого бетер күчөп, “тоюнбаптыр, кетээринде еще хапнуть решил”- деп, жерге түкүргөндөр көп.
- Эми жаңы президент тууралуу бир аз маектешели. Сооронбай Жээнбеков тууралуу “жоош, айдама, өз алдынча чечим кабыл ала албайт, Атамбаевдин жетегинде эле болот. Атамбаев эле башкарат.” –дегенге кандай карайсыз?
- Ооба ал токтоо, сабырдуу адам. Анын билими, тажырыйбасы элдин жүгүн аркалаганга жетет. Мен аны жакындан билем. Ал Кудай деген адам. Кимдир бирөө аны туура эмес кадамга, элине, жерине зыян алып келүүгө мажбурлай албайт деп ишенем. Албетте ал Алмазбек Атамбаевге милдеткер. Анын аркасы менен президент болду. Андыктан анын аркасын жаап, эски былыктарын чукуганга кызыкдар эмес. Бирок, ошол эле Атамбаев аны кандайдыр бир эски, элге зыян иштерине мажбурлай албайт деп ойлойм. Барак Обаманы “чык эшикке” дегендей деле чык деп койот (каткырык). Анткени, ар бир адам кандайдыр бир чектен өткөн сайын өзгөрүп, бышып, жетилип отурат. Президенттикке шайланып элдин, мамлекеттин оор жүгү ийинден баскандан кийин ар бир адам түйшөлөт, өзгөрөт. Биринчи, экинчи президенттердин оор тагдыры, андан кийинкисинин алешемдиги ага сабак болот, Сокеге пайдасы тиет, ал андай катачылыктарды кетирбей адилет падыша болот деген ишенимдемин. Биз келечекке оптимистик көз караш менен карап, өзүбүз да, ар кимибиз өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошконго аракет кылышыбыз керек. Кудай кааласа жаман президент шайланган жок, жакшылыкка умтулуу керек.
- Бирок, анын бир туугандары тууралуу сөздөр айтылып жатат го. Асылбек Жээнбеков Жаныш Бакиев болот экен. Эмитен эле Асылбек Шариповичтин кабылдамасында кезек күткөндөр батпай кеткени айтылууда.
- Эми кыргыздар ушундайбыз. Кай маселе болбосун кеңири, эч тартынбай талкуулайбыз. Мунубуз бир чети жакшы. Ар маселе эскирбей талкууланып турат. Сокенин бир туугандары тууралуу көп сөз болуп жатканы чын. Ырас козгодуң. Алды менен Жусупбек Шарипович тууралуу айталы. Анын араб өлкөлөрүндөгү элчилик кызматына байланыштуу эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Эми ал жактан кетип Украинага которулса деле ошондой кычык сөздөрдү улантуудабыз. Бирок ал сөздөрдүн бири да далилденген жок го? А кишинин аркасы менен Кыргызстанды ИГИЛ каптап кеттиби? Асылбек Жээнбековду “хулиган, бандит” дедик. Жогорку Кеңешти башкарып турганда көрсөттү го, бийлик деп манчыркаган жок, байлык деп жутунган жок! Ошон үчүн эл ичинде булар тууралуу “тарбия-таалимдүү, топуктуу үй-бүлөөнүн балдары” деген кеп жүрөт да. Убакыт бар. Убакыт көрсөтөт. Менин оюмча, эгер Сокенин бир туугандары кийлигише турган болсо, алар зыян кылбай, пайда кылуучу гана кийлигишүүлөр болот. Мен ушундай ойдомун. Бул үй-бүлө байлык үчүн эмес, жакшы ат үчүн күрөшүүгө акылдары да, маданияты да жетишет.
- Эми мынабу Атамбаевдин убагында камалып, соттолгон саясатчылар тууралуу оюңузду айтсаңыз. Эл ичинде, “бул камактагы саясатчылардын көбү далилсиз соттолгон, саясый туткундар” деген пикир басымдуу экенин билсеңиз керек. Эми ушул маселеге жаңы президент кандай мамиле кылыш керек. Өмүрбек Текебаев баш болгон 30га чамалуу саясатчылар бошотулушу керекпи?
- Сот реформасынын натыйжасы теңирден тетири болуп, элдин сотторго болгон ишеними өлүп, көз каранды соттор бийликтин буйругун аткарып, далил бар жогуна карабай сотто дегендер соттолгонун, бийликтин үч бутагынын бири – сот бийлиги - президенттик бийликти бекемдөөнүн куралы болуп калганын Соке көрбөй, билбей турган жери жок. Албетте сот реформасын улантып, адилеттүү сот системасын курганга киришет. Бирок, бул системаны бир күндө башка нукка буруу, оңдоп коюу мүмкүн эмес. Ошондой эле камактагынын баарын кызматка кириши менен бошотуп жибере да албайт. Андай укугу да жок. Бирок бул маселелер боюнча аракеттер көрүлүшү керек. Ага кандайдыр бир мөөнөт, убакыт керек. Мыйзам чегинде саясый туткундардын көбү акталып, мыйзамсыз иш алып барган орган кызматкерлери, соттор жоопко тартылышын эл талап кылып жаткандан кийин президент да бул маселени кыйгап өтө албайт. Анан дагы оппозициялык күчтөрдү куугунтуктоо инагурациядан кийин кескин солгундайт деген ойдомун. Себеби Сооронбай Жээнбековго анын кажети жок. Анткени ага асылып аткан эч ким жок.
Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити