Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 197

 

Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

«Сиздин алты жылдык ишмердүүлүгүңүздөгү жетишкендигиңиз? Коррупцияны жоюуга күчүңүз жеттиби?» - деген суроо берилди өлкө башчысына.

 

«Коррупцияны тилекке каршы бир да мамлекет түп-тамырынан жоюп сала албайт. Бирок, бизде жетишкендик бар. Бир прокурор жардамчыларына кол чатыр карматып, ага жаанда жашынып турганы үчүн кызматынан айрылды. Бизде азыр такыр башка лкө», - деди Атамбаев.

 

Эске салсак, прокурор Нурлан Сулайманкулов кайсы бир иш чарада жардамчысына кол чатыр карматып, өзү жаандан калкаланып турган сүрөтү соцтармактарга жайылган. Бул коомчулуктун катуу талкуусун жараткандан кийин ал кызматынан кеткен. Бирок, көп өтпөй, башка жооптуу кызматка дайындалган.