Атамбаевге «Сооронбай Жээнбеков ажыдаарга айланып кетпеши үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?» - деген суроо берилди.
Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.
«Мен Жээнбековду 22 жылдан бери билем. Дайыма колдоп келгем. Азыр ал мамлекетти башкара турган баралына келди. Туура эмес жолго түшпөшүнө ишенем», - деди мамлекет башчысы.
Ал эми «Жээнбеков абдан жоош адам деп айтышат, мамлекетти башкара албайт да дешет. Ушундайбы?» - деген суроого, Атамбаев мындайча жооп кайтарды:
«Мен андай пикирлерге кошулбайм, Жээнбеков жоош эмес. Ал ачууланганда «чык эшикке» деп кубалап чыгышы мүмкүн. Ал өзүнүн бир тууган агасын ректорлуктан алып койгон, ал азыр каза болуп калды. Жээнбеков таза адам».