Саясий серепчи Бакыт Бакетаев Атамбаевге мындайча суроо берди:
«Сиз үчүнчү президентсиз. Акаев Макиавеллиге жакын болчу, а Бакиев дароо эле Ницшеден баштады. Алты жылда сизге кайсы философ жардам берди? Кимдин дүйнө таанымы сизге жакын? Каалагандай мамлекетти кура алдыңызбы? Чет өлкөлөрдө санаалаштарыңыз барбы?»
Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.
Атамбаев саясий серепчинин суроосуна «Манас» эпосуна гана таяна турганын билдирди.
«Философияны ала турган болсок, анын түптөөчүлөрүнө дүйнөнүн ири диний агымдары – иудаизм, ислам жана буддизм айланышты. Андан дайыма жооп табууга болот. Элдик философиябызда да көп кызыктар бар, «Манас» эпосунда дагы. Мен китеп окуганды жакңы көрөм», - деди ал.
Ошондой эле президент Макиавелли сыяктуу философтордун жактоочусу эместигин белгиледи.
«Макиавеллинин «Тил -ойду жашырууга берилген» деген фразасын саясатчылар дайыма айтып келишет. Бирок, мен дайыма эмнени ойлосом ошону айтам. Албетте, президент кээде эрежени сакташы керек. Бирок, мага, намыскөй адамга аны сактоо кыйын. Соломон айткан: «Бул да өтөт». Мен Евангелини окуганда ырахаттанам. Куранды да жакшы көрүп окуйм. Анда көп нерсе бар. Мисалы, «Көрүүнү каалабаган адамга жолду көрсөтүүнүн кереги жок», - дейт. Ярослав Гашектин «Похождения бравого солдата Швейка» чыгармасын абдан жактырам. Мен аны Албек Ибраимовго да окууга сунуштап, ал турмак паркты да анын атына атоону айткам», - деди президент.
Андан ары Атамбаев Назарбаев менен болгон мамилесине өттү:
«Назарбаев мага жооп бербей жатат, мага анын жандоочулары асылышууда. Тил алчаак жандоочу тууралуу икая бар. Ал мындай: тил алчаак жандоочудан лейтенантынын б…гун жей аласыңбы деп сурашат. А тиги б…кто чач болбосо гана жей алаарын, анткени, чачтан абдан жийиркенээрин айтат», - деп жыйынтыктады сөзүн Атамбаев.