Эсиңиздерде болсо, буга чейин Кыргызстанда бейкапар иштеп келаткан өкмөттүк эмес уюмдардын статусу тууралуу маселе көтөрүлүп, аларды чет жактын каржылык колдоосунан ажыратуу керектиги байма-бай айтылып, парламентте тийешелүү мыйзам долбоору талкууланган болчу. Бирок, ошол эле бейөкмөт уюмдар “демократияга коркунуч”, “адам укугу бузулууда”, “сөз эркиндиги кайда?”- таризинде ызы-чуу салып жатып, акырында ал мыйзамдын аты-жыты билинбей калган.

 

Өкмөттүк эмес уюмдардын дээрлик бардыгы Батыштан келген гранттын эсебинен жан багат. Мисалы, Орусия муну мурда эле байкап, анын баарын айдап чыккан б.а. тыюу салган. Ал эми дүйнөнүн баарына НПОлорду ача салып, каржылап, алардан өздөрүнө керектүү маалыматтарды чогултуп алып турган (булар негизинен тыңчылык ишти аткарышат эмеспи) АКШнын өзүндө “чет элдик агент” жаатында атайын мыйзам бар. Мына ошол мыйзам жакында эле орусиялык “Россия тудэй” телеканалы жана “Спутник” уналгысына карата колдонулду. Буга чейин АКШда президент Трамптын жеңишине “Россиянын таасири бар”- таризинде ызы-чуу чыккан. Мына ошол “Россиянын таасири” аталган маалымат каражаттары аркылуу жайылтылганы айтылып, АКШ Юстиция министрлиги бул ММКларга өз каалоосу менен “чет элдик агент” катары каттоого турууну сунуштады. “Чет элдик агент” мыйзам боюнча ар бир иш-аракети боюнча министрликке отчет берип турат, каржылык булактарын ачык көрсөтүп берет. Дал ушул тейде бизде да мыйзам кабыл алуу аракети болгондо АКШнын акчасын алган бейөкмөтчүлөр кыйкырык салышпады беле! Ушунун өзүнөн эле Америка дүйнөдө кош стандарттуу саясат жүргүзгөнүн билсе болот.

 

“Sputnik” менен RTнын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Владимир Путин да билдирүү жасады. “Кошмо штаттарда ушунун баарын жасап жаткан адамдар ар дайым өздөрүн дүйнөдөгү номер биринчи демократ катары атап, көкүрөк каккылап жүрүшпөдү беле! Сөз эркиндигин домократиянын калканычы катары көтөрүп келишкен. Сөз эркиндигисиз демократиянын болушу мүмкүн эмес. Кошмо штаттарындагы биздин басма сөз каражаттарыбызга карата чабуул – жалпы басма сөзгө чабуул”,- деген Путин алар кандай кадамга барса, дал ошондой жооп алышарын кыйытты.

 

Ошол эле кезде Россия Мамдумасында батышчыл CNN, “Голос Америки”, “Свобода” радиосун “Чет элдик агент жөнүндөгү” мыйзамга киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Ушундан улам, балким, бизге да мындай мыйзам керек болуп жүрбөсүн?

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити