Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 251

 

Астана менен мамилебиз калыбына келет. Бирок, азыркы кырдаал келечекке сабак болду. Биз туура кылдык.

 

Мындай пикирин мамлекет башчысы Атамбаев билдирди.

 

Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

«Биз туура кылдык. Бул келечекке сабак болот. Парламенттик, президенттик шайлоодо мамлекеттин ички ишине мурдуларын салбай турган болушат», - деди президент.

 

«2010-жылы Казакстандын УКМКсынын кеңешчиси парламентке келип, акча таратканы эсимде. Кийин биз ага биздин мамлекетке келүүсүнө тыюу салганбыз. Отунбаева 2010-жылы Казакстанга барып, сүйлөшүү керек деген. А мен эки күндө сууну бууп, маселени дароо чечкеним эсимде турат. Жазга эки жарым ай калган. Досум Владимир Путин менен сүйлөшүп, бул бизге эмнеге керек болуп калганын түшүндүргөм. Бизге 2,5 миң жыл толду. Алты жылда эки тоскоолдук. Муну да жеңебиз. Бирок, кандай мамиле кылышса, ошондой жооп берүү керек. Айкидогудай кылуу керек, мени түртүшөт, сен да жооп катары түртөсүң», - деп белгиледи Атамбаев.